Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага.
Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.