Азаттыкты кыргыз эңсеп турганда,
Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан.
Улуу орус достук менен кол берип,
Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан.
Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.
Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып,
Таалай берген улуу совет калкыга,
Жеңиштерден жеңиштерге алпарат,
Элдин күчү — лениндик партия.
Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.
Эл достугун болоттон бек ширетип,
Көп улуттан Союз курдук урагыс.
Жандай сүйүп даңктуу Ата-Мекенди,
Түбөлүккө коммунизм курабыз.
Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.
Государственный гимн Киргизской ССР еще тексты
Другие названия этого текста
- Государственный гимн Киргизской ССР - Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни (1)
- Гимн Киргизской ССР - Муз.: В. А. Власов, А. Молдыбаев, В. Фере. Сл.: К.Маликов, Т. Сыдыкбеков, М. Токобаев, А.Токомбаев, Е.Абайлдаев. (0)
- Гимн Киргизской ССР - Вокальная запись (0)
- Духовой оркестр МО СССР - Государственный гимн Киргизской ССР (0)
- Гимны союзных республик - Гимн Киргизской ССР. (0)
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3