Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?
Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
\"Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!\" деген сөзү жаманбы?
Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
\"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган\".
Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
\"Эл уулу бол!\" деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер - адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.
Бул тилектер - дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!
Айым Айылчиева(АИМА) еще тексты
Сейчас смотрят
- Айым Айылчиева(АИМА) - АК БАТА (Жолдошбек Мамажанов)
- BLACK TBILISI - Знаешь брат,давай еще посид. ✯✵
- [http://vk.com/freeteam]Подземный Тон Production - 02 (Free)
- ♔ Лок Дог♔ - я умер.[Гуф,Птаха,слим, ноггано, oxxximiron , каже обойма, крипл, богомол13, стим, триагрутрика, tanir, карабин, крайм волшебник, Classic, Johnyboy,лок дог, галактик,...
- SUPRESS HILL - CUBAN NECKTIE
- Неизвестный исполнитель - Ты Сказка в Моей Жизни
- Slayer - Mind Control
- Беги ,Кролик ,Беги - Зигуй и скользи, убивай или жги
- София Ротару - Лаванда
- Н.Карамзин - История государства Российского 2/12 Валерий Феодосов
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1